zamanbap – апаке (mum) كلمات اغاني
[1-куплет]
апам жапкан нанды сагынам
кылгым келет аракетти келген алыман
апам үчүн, даяр күчүм баарына
атакем да ар дайым бар анын жанында
асыл затым - энекем , ордуна жан эч табылбас
берекем жарыктыкта ойлонгону анын
жалгыз үмүттөнгөн наристеси – мен экем
кучагыма алгым келет бекем
бейиш эне таманында экен
ар бир сулуу кызгалдар ага жетет
урпак улап бул өмүргө
ийиз калтырып кетет
[кайырма]
апам мага жаман жолдо жүрбө дейт
бирөө кулап калса “которуп кой , күлбө”- дейт
кечикпе, эшикте көпкө жүрбө дейт
билгин анын сөздөрүнө дүйнө тең келбейт
[2-куплет]
ооба мен угам сөздөрүн
калам өзгөрүп анын жанында
апакемдин жаңы канымда
сүйүнткүм келет бул дүйнөдө барында
эч таарынтпай өзү жаш убагында
мен үчүн жаш апам эллүдөн ашкан курагында
апам курамында
бар үчүн ал адам мен бул жерде турамын да
апам менин атакемдин сүйгөнү
апам барда, жарык чырак үйдөгү
чогу жашап бир өмүрдү болушуп биз
ичиндебиз тегеренген дүйнөнүн
алыс болсом сагынамын күлгөнүн
жан берген ак сүтүн, уйкусуз түндөрүн
актай албайм, арнасам да
терип келип бүт аламдын гүлдөрүн
[кайырма]
апам мага жаман жолдо жүрбө дейт
бирөө кулап калса “которуп кой , күлбө”- дейт
кечикпе, эшикте көпкө жүрбө дейт
билгин анын сөздөрүнө дүйнө тең келбейт
[3-куплет]
арнаймын бар деген эл затына
өз балдарынын атынан
сактасын көңүлүн алып жакындар
деген сунушум бар катымда
арнаймын бар деген эл затына
өз балдарынын атынан
сактасын көңүлүн алып жакындар
деген сунушум бар катымда
апаке жашаңыз өмүрдүн гүлү болуп
сөзүңүз көнүлдүн үнү болсун
алыста болсом ойлоймун түнү бою
билемин сиздин да менде оюңуз
апаке жылмайып коюңуз (х8)
كلمات أغنية عشوائية
- xelfiy › xelfiy – visual كلمات اغاني
- melbourne ska orchestra › melbourne ska orchestra – kenji-san كلمات اغاني
- marian hill › marian hill – pretend (2003) كلمات اغاني
- gods dna worship › god’s dna worship – draw me close كلمات اغاني
- safiye ayla › safiye ayla – menekşelendi sular كلمات اغاني
- the wild years › the wild years – the orphaned ones كلمات اغاني
- an0maly › an0maly – ukraine flag in the bio كلمات اغاني
- йорш yorsh › йорш (yorsh) – fuck off كلمات اغاني
- k dazee › k dazee – live it up كلمات اغاني
- anikdote the fifthguys › anikdote & the fifthguys – seen (ponzoo remix) كلمات اغاني