kalimah.top
a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9 #

salamat sadikova – kirgiz jeri (kyrgyz land) كلمات اغاني

Loading...

ала_тоо ак калпагын кийген кезде
аскасы көк асманга тийген кезде
мен дагы жолго чыгам таңды тосо
кучактайм ой_кырларын нурга кошо
улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн
сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн

ысык_көл жердин көркү, кырлар кашы
адырлар көкүрөгү, токой чачы
дайралар кан тамыры, чоку таажы
седеби, топчулары, ар бир ташы
кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери
күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери

жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде
жарык нур жер жамалын өпкөн кезде
көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде
дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде
көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери
сезилет ата_энелик мээримдери
улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн
сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн

كلمات أغنية عشوائية

اهم الاغاني لهذا الاسبوع

Loading...