kalimah.top
a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9 #

bayastan – менин келинчегим (my wife) كلمات اغاني

Loading...

[текст песни “менин келинчегим”]

[1_куплет _ bayastan]
менин бактым, менин жаным болдун өзүң
бейиш болсун эң аягы биз бараткан жолдун
баардык жактан жарашабыз, билем жетет менин көзүм
турмуш алып келсе оордук мына сага менин колум

колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим
жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим

үйгө эрте келгим келет
жаным сени көргүм келет
жумуштан бошоп колуңдан тамак жегим келет
сыноолорду өттүк жаным, чын бакытты таптык жаным
улутуңа карабаймын сүйөм сени жаным

[припев _ нурлан насип]
сенин маанайыңды дайым карайм
бакыт таалайды да акмалайм
сенин таарынтканды жакалайм
менин келинчегим деп калкалайм

сенин маанайыңды дайым карайм
бакыт таалайды да акмалайм
сенин таарынтканды жакалайм
менин келинчегим деп калкалайм
[2_куплет _ bayastan]
коргойм сактайм сени кымбат баалуу асыл таштай
үшүп калсаң болуп берем сага ыссык жайдай
сенин сүйүүң жарык берет түндө жарык айдай
бирге жүрсөк ала_тоонун чокусунан тайбайм

бактылуу билеттей болуп утуп алдым сүйүүнү
утуп алдым бакытты мен утуп алдым өзүңдү
көздөрүң дайым жайнап, эриндерин жылтырап
чачтарың жазгы гүл болуп, дайым мени суктантат

сен экөөбүз билесиңби толкун менен жээктей
сүйлөшөбүз унчукпастан эч кимге билдирбей
түшүнөсүң бир карап эч кимге сен билгизбей
биздин дүйнөбүзгө эми эч кимди киргизбейм

колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим
жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим

[бридж x2 _ нурлан насип]
узатаар замат сагынамын сени
бул сапар сага багынамын эми
карааныңдан кагыламын мен эми
менин келинчегим деп сени
узатаар замат сагынамын сени
бул сапар сага багынамын эми
карааныңдан кагыламын мен эми
менин келинчегим деп сени

[припев _ нурлан насип]
сенин маанайыңды дайым карайм
бакыт таалайды да акмалайм
сени таарынтканды жакалайм
менин келинчегим деп калкалайм

сенин маанайыңды дайым карайм
бакыт таалайды да акмалайм
сенин таарынтканды жакалайм
менин келинчегим деп калкалайм

[3_куплет _ баястан]
колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
көңүлүңдү орутпаймын, аппак кардай сезимдерим
жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим

колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим
жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим

كلمات أغنية عشوائية

اهم الاغاني لهذا الاسبوع

Loading...