омар - кыргызстаным كلمات الأغنية
тарыхы бар нечен,
ынтымагы дайым бекем.
ала-тоо – бешигим,
башым ийип, таазим этем.
керемет аймагы,
желбиреп турсун байрагы.
булагың таш жарып,
булбулдай сайрагын.
кыргызстаным, кыргызстаным!
билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт,
өзүңсүз атпайт таңым.
кыргызстаным, кыргызстаным!
керекпи? бир өзүңө арнайм жаным,
аябай тамчы каным!
мекеним, медерим,
ыйыксың, аны сеземин.
түбөлүк сактайбыз,
түшүрбөй бийик желегиң.
баарыбыз бул тапта,
баркыңды сезбей турсак да.
кемитпей беребиз,
келечек урпакка.
кыргызстаным, кыргызстаным!
билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт,
өзүңсүз атпайт таңым.
кыргызстаным, кыргызстаным!
керекпи? бир өзүңө арнайм жаным,
аябай тамчы каным!
менин алтын уям,
бакытымдай туям.
уча бер оболоп,
бардыгы оңолот!
кыргызстаным, кыргызстаным!
билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт,
өзүңсүз атпайт таңым.
кыргызстаным, кыргызстаным!
керекпи? бир өзүңө арнайм жаным,
аябай тамчы каным!
كلمات أغنية عشوائية
- b.a.p (best absolute perfect) - ribbon in the sky كلمات الأغنية
- дайте два (daite dva) - разряды (razryadi) كلمات الأغنية
- guizmo - girl كلمات الأغنية
- profeetat, cheek, elastinen - jokainen kyynel كلمات الأغنية
- dois sóis - luz do santo cruzeiro كلمات الأغنية
- junior h - allá por texas كلمات الأغنية
- simmy syme - marcher sous la pluie كلمات الأغنية
- thao & the get down stay down - with a girl like you كلمات الأغنية
- ace beretta - pretty penny كلمات الأغنية
- the artist - i remember كلمات الأغنية