aga-ini - паракор (corruption) كلمات الأغنية
[текст песни “паракор”]
[кайрыма x2]
биздин жолдор таштак, баткак, аңгыл_дөңгүл
биздин чоңдор алдап, урдап, алып көнгөн
миллиондор кыйналса да элинде
эмнегедир милдеттерин аткарышпайт жок дегенде
[1_куплет _ kaybar]
алар элиталык аткаминер бийликтегилер
казынага башы менен кирип алып жегендер
алар коркпойт мыйзамдан
жадакалса кудайдан
керек болсо караганышат колду коюп куранга
шайлоо учурунда убаданы тынбай бергендер
андан кийин элге такыр пайдасы тийбегендер
силердин эле айыңардан кыйналды го журтуңар
өз журтуңарды урдуңар го тумкумдары куркурлар!
түшүнүксүз, не жетпейт? а? силерде баары бар
ичи тар, жеп_жутар, ажыдаарлар!
бирок биздеги үмүт
өчпөй жанып күйөт
а карапайымдардын бары эптеп өмүр сүрөт!
[бридж]
паракор… паракор…паракордо баары зор
паракордо миллиард бар жана соода
борбор
чоң үйлөр, базар, бизнес, машинелер токолдор
паракордун урааны дагы жеп_жут, дагы сор
[кайрыма x2]
биздин жолдор таштак, баткак, аңгыл_дөңгүл
биздин чоңдор алдап, урдап, алып көнгөн
миллиондор кыйналса да элинде
эмнегедир милдеттерин аткарышпайт жок дегенде
[2_куплет _ emir]
карыз… карыз… карыз… карыз кыргыздын баарысы
карыз… карыз… карыз… карыз
жашы да карысы
карыз кыргыздын али төрөлө элек баласы
а сен дагы эле тойбой бюджеттен урдап жатасың!
колуңдан келбеген ишти, эмне кыласың жасап!
бизнесиңди коргош үчүн сага керек мандат (мандат)
кайдагы сенден пайда? пайдасыздык көнгөн адат!
анан анын кесепетинен дайым элим азап тартат
сага баары бирда! а кээ бир жерде таза суу жок
сага баары бирда! а кээ бир үйдө нанга ун жок
ачкачылык, кымбатчылык, жан баккан жумушу жок
көрбөйүн деп бул азапты, өлөйүн десе уу жок
[бридж]
паракор… паракор…паракордо баары зор
паракордо миллиард бар жана соода
борбор
чоң үйлөр, базар, бизнес, машинелер токолдор
паракордун урааны дагы жеп_жут, дагы сор
[кайрыма x3]
биздин жолдор таштак, баткак, аңгыл_дөңгүл
биздин чоңдор алдап, урдап, алып көнгөн
миллиондор кыйналса да элинде
эмнегедир милдеттерин аткарышпайт жок дегенде
كلمات أغنية عشوائية
- stephen stills - river of gold كلمات الأغنية
- thf mooda - broke me كلمات الأغنية
- buddy guy - too late كلمات الأغنية
- vado mas ki ás - na correria كلمات الأغنية
- prinze george - victor كلمات الأغنية
- coodie breeze - witness كلمات الأغنية
- sauce walka - im working on it كلمات الأغنية
- buffalobang♯ - wasteman كلمات الأغنية
- timmy thomas - why can't we live together كلمات الأغنية
- sigrid - don't kill my vibe (gryffin remix) كلمات الأغنية